Connect with us

Муфтият быйылкы битир-садаканын жана зекеттин өлчөмүн бекитти

Кыска кабар | 7 Мар 2024 | 1350 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө боюнча 2024-жылга карата битир-садаканын жана зекеттин баасын бекитти.

Быйыл битир-садака бир киши башына 1,6 кг буудай (50 сом), мейиз (680 сом), ун (75 сом) же 3,2 кг арпа (85 сом), курма (850 сом) туура келет.

Азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан алардын салмагына басым жасоо керек. Битир-садака ушул азыктардын биринин баасына барабар өлчөмдө берилет.

Андан тышкары, ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.

Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү берилет. Тагыраак айтканда 2.5%  берилет.

Зекет тууралуу толук маалымат муфтияттын сайтында.

Copyright © 2017 Maral FM