Биз менен байланышыңыз

Орозодо Газадагы согушту токтото туруу боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2024 | 218 | 0

Орозо айына карата Газадагы согушту токтотуу боюнча ХАМАС менен үч күндүк сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок. Бул тууралуу «Аль-Жазира» телеканалы кабарлады.

Сүйлөшүүгө АКШ, Катар, Египет мамлекеттери ортомчулук кылган. Анда согушту алты жумага токтотуу, палестиналык туткундардын бир бөлүгүн ХАМАС барымтага алган израилдик туткундарга алмашуу, Газага жардам берүү тууралуу сөз болгон.

Ал эми ХАМАСтын жогорку даражалуу расмий өкүлү Усама Хамдан шейшемби күнү согушту таптакыр токтотууну, Израил армиясынын Палестинадан толук чыгып кетишин каалай турганын билдирди.

«Ок атышпоо, агрессияны токтотуу Газа тилкесинин ар бир сантиметринен Израил армиясы чыгып кеткенде гана ишке ашат», — деди ал журналисттерге.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул талаптарды четке кагып, ХАМАС жоюлуп, туткундардын баары кайтарылганга чейин согушту улана беришерин жарыялады. Сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасына Израил өкүлдөрүн жиберген жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM