Биз менен байланышыңыз

Юлия Навальная президенттик шайлоодо Путинге каршы чыгууга үндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2024 | 223 | 0

Маркум орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная президенттик шайлоо күнү талапкер Владимир Путинге каршы чыгууга чакырды. Ал билдирүүсүн маркум жубайынын Ютуб-каналы аркылуу жарыялады.

Ал өз сөзүндө шайлоочуларды 17-мартта түштөн кийин шайлоо тилкелерине узун кезекке турууга чакырып, бюллетендерин айрып салууну же «Навальный» деп жазууну сунуштады.

Алексей Навальный 16-февралда колонияда көз жумган. Юлия Навальная жубайынын өлүмүнө Орусиянын президенти Владимир Путинди күнөөлөп келет.

Орусияда президенттик шайлоо 15-марттан 17-мартка чейин өтөт. Учурдагы мамлекет башчысы Владимир Путин бешинчи мөөнөткө талапкерлигин койгон.

Эл аралык байкоочулардын көпчүлүгү бул президенттик шайлоонун эркин, калыс өтпөсүн айтышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM