«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасы электр энергиясы эмнеге өчүрүлүп жатканын түшүндүрдү.
Маалыматка караганда, 5-марттан тарта «Электр станциялары» ААКнын энергетикалык объектилери — Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын реконструкциялоо башталды. Буга байланыштуу электр станцияларынын кубаттуулугу 290 МВтка кыскарды.
“Энергетика системасындагы мындай кырдаалда электр энергиясын керектөөгө кыска мөөнөттүү чектөөлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты” , — деп айтылат маалыматта.
Ишканадан билдиришкендей, жарык эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин, кечинде саат 18:00дөн 21:00гө чейин өчүрүлөт.
Электр энергиясын керектөөнүн азайышы жана аба ырайынын жылышы менен абал турукташа турганы айтылды.
Буга чейин маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 5-марттан тарта электр жарыгын өчүрүүлөр көбөйүшү мүмкүн экенин билдирген. Ал эми жер-жерлерде тургундар жарык өчүрүлүп жатканын айтышууда.
5-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 699 млн куб метрди түздү.