Биз менен байланышыңыз

Дыйкандардын эл аралык форуму Ош шаарында да өттү

Коом , Экономика | 2 Мар 2024 | 904 | 0

Ош шаарында дыйкандарга өнөктөш табууга аянтча түзгөн «Агро-Диалог» республикалык форумунун экинчи күнү жыйынтыкталды. Ага Түркия, Орусия, Чехия, АКШ жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 40ка жакын дыйкан-фермер, айыл чарба ишканалары жана өндүрүшчүлөр катышты. Форум – айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болууда. Буга чейин Бишкек шаарында да өткөн. Мындай иш-чаралар дыйкандарга эмне берет?

Чоң-Алай районунан келген дыйкан Асыл Туратов мындай форумдар дыйкандардын ишин илгерилетүүгө чоң салымын кошорун, өзү үчүн да иш-чаранын алкагында өнөктөш табууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.

Мындай жолугушууларды бардык аймактарга жайылтып, байма-бай уюштуруп турууну сунуштады.

«Бүгүн Айыл чарба министрлиги уюштурган «Агро-Диалог» форумуна катышып жатам. Форум жакшы өтүп жатат. Дыйкандар менен түзмө-түз иштешкенге, өнөктөш тапканга жакшы аянтча болуп жатат. Дыйкан катары бүгүн көп өнөктөштөрдү таптык. Мындан тышкары кантип эскпортко чыгуу керек, кандай жеңилдиктер бар экени тууралуу маалымат ала алдык. Ушундай форумдар көп өтүп турса, дыйкандарга түзмө-түз иштөөгө өбөлгө түзүлмөк».

Форумда дыйкан, фермерлер тажрыйбалуу агро-ишкерлери менен таанышып, өнөктөш табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Мындан тышкары бетме-бет жолугушууларда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дароо келишим түзүүгө да жетишкендер болду.

Жалал-Абад облусунан келген дыйкан Сыргак Султанов 2009-жылдан бери пахта, буудай өндүрүү менен алектенет. Ал мындай форумдар дыйкан, фермерлердин үнүн бийликке жеткирүү үчүн жакшы аянтча экенин белгилейт.

«Бүгүнкү форум аябай жакшы өтүп жатат. Форумдун максаты – дыйкандарга жардам берүү. Мындай форумдар облустардын баарында өтүш керек. Дыйкандар өзү келип катышып, керектүү маалыматтарын ала алышат. Бүгүн көп маалымат алдым. Өзүбүздө да жакшы үрөндөр чыгат экен. Мындан тышкары лизинг боюнча да маалымат алдык. Кантип алса болот, каерден алсак болот. Ошондой эле жеңилдетилген насыялар тууралуу да кабардар болдук».

«Агро-Диалог» форуму үч багытта өтүп жатат:

— Мал чарбасын өнүктүрүү;

— Дыйканчылыкты өнүктүрү;

— Багбанчылык жана мөмө-жемиш өстүрүүнү өнүктүрүү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Агро-өнөр жай класстерлер бөлүмүнүн башчысы Дамира Аскарбекова форумда өсүмдүк өстүрүүнү кантип көбөйтүү жана продукцияны экспортко чыгаруу маселелери талкууланганын билдирди.

Ошондой эле ал дыйкандарга кирешилүү өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча сунуштамалар берилгенин айтты.

«Бүгүн форумдун экинчи күнү өтүп жатат. Бүгүн талаачылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк тууралуу талкуулар жүрдү. Дыйкандарга кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча агро-диалог түзүп бердик. Дыйкандардан бир канча суроолор келип түштү. Мисалы кайсы сортту эгебиз, үрөндү каяктан алабыз, канча сомдон алсак болот деген сыяктуу суроолор келди. Бирдей үрөндү сепкенде экспортко чыгабыз деп айтып жатабыз. Кайсы түрүн сепкенде киреше алып келет деп жатышат. Диалогдун максаты кайра иштетүүчү ишканалар менен дыйкандардын, ишкерлердин ортосунда келишим түзүү болуп саналат».

Иш-чара 2-мартка чейин созулат. Буга чейин 26-28-февраль күндөрү Бишкек шаарында өткөн.

Борбор калаада өткөн «Агродиалог» форумуна жалпысынан 1 миң 500дөн ашык товар өндүрүүчү, экспорттоочу, кайра иштетүүчү жана финансы секторунун өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында айыл чарба маселелери тууралуу 780 кайрылуу келип түшкөн.

Жалпысынан 110 меморандум, келишим түзүлүп, ошондой эле ассоциацияларга мүчө катары кирүүгө билдирме берилди.

Copyright © 2017 Maral FM