Connect with us

Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын жетекчиси кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 29 Фев 2024 | 431 | 0

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул маалыматты «Маралга» министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.

Азамат Исраилов Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп 2019-жылы мартта дайындалган. Ал ИИМдин академиясынын юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн.

Кызматтык ишин 1999-жылы Ысык-Көл облусунда баштаган. Буга чейин МАИ кызматкерлеринин бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM