Connect with us

Жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыптын кошумча тууму жокко чыгарылды

Кыска кабар | 28 Фев 2024 | 385 | 0

Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыптын кошумча тууму жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

«Укук бузуу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, 28-февралдан тарта жол эрежесин бузуу фактыларына салынган кошумча туумдар жокко чыкты.

Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуга айып салынып, аны өз убагында төлөбөгөн учурда, ага карата кошумча туум кошулуп келген.

Copyright © 2017 Maral FM