Connect with us

Кытайлык компания Кызарт менен Семиз-Белге шамал, күн электр станцияларын курат

Кыска кабар | 24 Фев 2024 | 324 | 0

Энергетика министрилиги кытайлык «NBTC Limited» компаниясы менен кызматташат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Энергетика министри Таалайбек Ибраев кытайлык «NBTC Limited» компаниясынын башкы директору менен 21-февралда жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Энергетика министрлиги менен «ВИВ»кытай компаниясынын ортосунда шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Меморандумдун негизги максаты эки тараптуу кызматташтык мамилени тереңдетүү, ошондой эле Кыргызстандын Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунун Кызарт жана Семиз-Бел участокторунда шамал жана күн электр станцияларын куруу болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM