Биз менен байланышыңыз

Армения ЖККУга мүчө болууну убактылуу токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2024 | 484 | 0

Армения ЖККУга мүчө болууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу Арменинянын өкмөт башчысы Никол Пашинян билдирүү жасады.

Армениянын ЖККУга катышуусу убактылуу токтотулду, — деп билдирген Пашинян.

«Арменияга карата жамааттык коопсуздук келишими аткарылган жок. Айрыкча 2021-2022-жылдары болгон окуяларда ЖККУ эч кандай аракет көргөн жок. Албетте, бул көңүл бурбай кое турчу маселе эмес», — деп айткан Николь Пашинян France 24 телеканалына берген маеги учурунда.

Анын айтымында, Ереван окуянын мындан ары кандай өнүгүүсүнө көз салып турат. Ал эми Орусиянын Армениядагы аскер базасын сактап калуу аракети азыр күндемде эместигин кошумчалаган.

Февралдын башында Пашинян ЖККУ чечүүчү учурда Арменияны жалгыз калтырганын айтып күнөөлөгөн. Ошондой эле, өткөн жылдын сентябрында да ЖККУ аймактык коопсуздукту сактоодо эффективдүү эмес уюм экенин айткан жайы бар.

ЖККУга Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Белоруссия, Армения өлкөлөрү мүчө. Ал эми бул уюмдун курамынан Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM