Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тигүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды

Экономика | 22 Фев 2024 | 581 | 0

Бүгүн Бишкекте өлкөнүн тигүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган кыргыз-кытай бизнес форуму өттү. Анын алкагында жергиликтүү ишкерлердин кытайлык ишканалар менен ортомчусуз кызматташуусуна шарт түзүлдү. Мындан тышкары форумда тигүү тармагындагы көйгөйлөр, анын чечүү жолдору да талкууланды. Бүгүнкү күндө өлкөнүн тигүү тармагында кандай көйгөйлөр бар? Товарды сыртка экспорттоодо кандай тоскоолдуктар жаралууда? 

Бүгүн борбор калаада өлкөнүн тигүү тармагындагы көйгөйлөр жана анын чечүү жолдору талкууланды.

Бишкекте жайгашкан тигүү фабрикаларынын биринин негиздөөчүсү Бурмакан Раева ишкана бир канча жылдан бери аялдардын кийимин тигип келерин белгиледи.

Айтуусунда, бүгүнкү күндө мындай иш-чаралар өлкөнүн тигүү тармагын өнүктүрүүгө чоң жардам берет.

Ишкер айым азыркы учурда товарды сыртка чыгарууда логистика жаатында бир катар көйгөйлөр бар экенин айтат.

«Биз аялдардын кийимин өндүрөбүз. Бүгүнкү иш-чара Кытайдан ортомчусуз керектүү кездемелерди алуубузга жардам берет, тагыраагы, кытайлык ишканалар менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алабыз. Мындай форум Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат десек болот. Кытайдан 25 ири фабриканын өкүлдөрү келди. Учурда тигүү тармагында бир канча көйгөй бар. Негизгисине токтолсом, ишкерлерди көбүнчө логистика кыйнайт. Казакстанда туруп калат, алар айткан убакта даяр болгону менен жеткирүүдө тоскоолдуктар жаралат. Айрыкча кыш мезгилинде көп көйгөй болот. Бийлик ушуну чечип берсе жакшы болмок».

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жеңил өнөр жай ишкерлери менен жолугушуу өткөргөн. Анда ишкерлер көйгөлөрүн айтып, түйүндүү суроолорду мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте талкуулашкан. Жыйындын натыйжасында Кыргызстандын тигүү тармагын өнүктүрүү боюнча практикалык чечимдер иштелип чыккан.

Кыргыз-кытай бизнес форумун «Кыргыз тигүүчүлөр» ассоциациясы уюштурган. Ассоциациянын төрайымы Дилорамкан Дүйшөбаева учурда Кыргызстанда тигилген товарлар ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана Өзбекстан, Тажикстанга экспорттолуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнүн тигүү тармагындагы экспорт төмөндөп кетти. Буга коңшу мамлекеттер атаандаштык жаратканы себеп болууда.

Дүйшөбаева товарларды чет жакка чыгарууда жаралган көйгөйлөргө токтолуп, Кыргызстандагы шарттар менен коңшу мамлекеттерде түзүлгөн шарттарды салыштырып берди.

«Биз тиккен продукциялар учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттолуп жатат. Мындан тышкары Өзбекстан, Тажикстанга да чыгарабыз. Логистиктердин айтымында, сентябрдан баштап экспорттун көлөмү азайып кетти. Анын себеби Өзбекстандын бир-эки жылда катуу көтөрүлүп кеткенинде. Мамлекет колдоп, чоң-чоң фабрикаларды ачышты. Анан калса, кездеме өздөрүнөн чыгат, жумушчу күчү да арзан. Логистика боюнча, товарды мамлекет Орусияга чейин арзан баада жеткирип берет. ЕАЭБге мүчө болбогону үчүн КНС төлөнбөйт. Алардын лабораториясы да бар. Ошол себептен да Европага чыгып жатышат».

«Легпром» бирикмесинин президенти Сапарбек Асановдун айтымында, Кыргызстандын тигүү тармагы мобилдүүлүгү менен айырмаланат.

Ал эми коңшу өлкө Өзбекстанда тигүү тармагы алдыга жылганын белгилеп, ишкерлер үчүн бир канча жеңилдиктер каралганын кошумчалады.

«Өзбекстанда бир жылда 1 млн 200 миң тонна пахта чогулат экен. Аны экспортко чыгарбай, 100% өздөрү иштетип жатат. Өзбекстан менен акыркы учурларда тыгыз иштешип жаткан ишкерлерди билебиз. Анткени өлкөсү аябай жакшы шарттарды түзүп берген. Былтыр жеңил өнөр жай форуму Өзбекстанда өткөндө күбө болуп кайттык. Ал жерде түзүлгөн шарттарын айтып, иштешүүгө кызыкдар тараптарды арттырган. Алар менен иштешүүдө салыктан бошотуу, узак мөөнөттөгү кредиттерди алуу, өндүргөн товарларды экспортко кетирсең, жол акыга кеткен чыгымдын 70%ын төлөп берүү караларын билдирген».

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жеңил өнөр жайына салык боюнча өзгөчө жобо киргизүү керектигин айткан.

Ал «Дордой» базарында соода-сатык менен алектенгендерге өзүнчө, тигүү тармагында иштегендерге өзүнчө көңүл буруп, салык тууралуу маалыматтарды толук жеткирүү туура болорун белгиледи.

Депутаттын айтымында, тигүү тармагында иштегендер Өзбекстан менен Казакстанга кетүүдө. Жеңил өнөр жайына өкмөт туура салыктык режим киргизип, көңүл бурбаса, жеңил өнөр жайы жоголгону турат.

Copyright © 2017 Maral FM