Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда балдардын мектепке баруусун Улуттук гвардия көзөмөлдөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 291 | 0

Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын кызматкерлери эксперимент катары балдар сабактарга ырааттуу барбаган 1000 мектепте рейд өткөрүштү.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө кийим-кечеге, окуу куралдарына же жол киреге акчанын тартыштыгы, ошондой эле мектептеги мугалимдердин жетишсиздиги балдардын мектепке барбай калышынын негизги себептери экени аныкталган.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, учурда Улуттук гвардия рейд жүргүзүлгөн 1000 мектептеги көйгөйлөр чечилүүдө.

Мындан ары Улуттук гвардиянын кызматкерлери балдарын мектепке жибербеген ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пулга жыгыларын эскертип турушат.

Адистер мындай маселе өлкөдөгү 10 миңден ашуун мектептин көпчүлүгүнө мүнөздүү экенин, кышында окуучулардын сабактарга барбай жатканынын дагы бир себеби мектептерде жылуулуктун жоктугу экенин айтууда.

Активисттер билим берүү тармагындагы маселени аскер түзүмдөрдүн катышуусунда жана күч колдонуу менен чечүү аракети оң натыйжа береринен күмөн санашат.

Мирзиёев 5-февралдагы жыйында мектептердеги инспектор-психологдордун штатын Ички иштер министрлигинен Улуттук гвардияга өткөрүп жатканын билдирген. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Өзбекстанда мектепке такай барбаган 50 миң бала бар.

Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда 10 миң 284 мектепте 6 миллион 300 миң бала билим алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM