Биз менен байланышыңыз

«Малдан айырмасы жок». Депутат жолго түкүргөндөрдү сүрөткө тартып алууга чакырды

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 218 | 0

«Катуу тийсе кечирим сурайм, бирок кээ бир адамдар малдан айырмасы жок болуп калды. Бишкектин ортосунда машинада кетип баратып, эшигин ачып, жерге түкүрүп кетет. Же болбосо тамекисин, таштандысын да ыргытып кетип атат. Мына ушулар менен күрөшүү керек. Балким аларды сүрөткө тартып алуу керек, тартып алгандарга сыйлык бересиңерби, бир чарасын көрүү керек», — деди депутат.

Ал мындан тышкары шаар тургундарынын түнкү уйкусун бузуп, унаада катуу музыка уккандар жаз келгенде көбөйөрүн айтып, аларга да чара көрүүнү өтүндү.

Тармактык комитетте электр кыймылдаткычы бар автоунаалардын ээлерине жеңилдиктерди киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM