Биз менен байланышыңыз

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 20 Фев 2024 | 523 | 0

Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков жабык имараттагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында экинчи алтын медалын жеңип алды.

2024-жылдагы турнир ушул күндөрү Ирандын Тегеран шаарында өтүүдө. 19-февралда эркектер арасында 3 миң метр аралыкка финалдык жарыш болуп, ага Кыргызстандан эки спортчу катышкан.

Нурсултан Кеңешбеков 8 мүнөт 8,85 секунд көрсөткүч менен биринчи болуп, Азия чемпиону аталды. Самат Казакбаев 3 миң метр аралыкты 8 мүнөт 38,36 секундда чуркап келип, 6-орунду ээледи.

Буга чейин Кеңешбеков 1500 метр аралыкка чуркоодо алтын медаль уткан.

Мелдешке Кыргызстандын атынан Айнуска Калил кызы (1500 жана 3000 м), Мария Коробицкая (3000 м), Нурсултан Кеңешбеков (1500 жана 3000 м), Майсал Макумбек уулу (800 м) жана Самат Казакбаев (1500 м жана 300 м) катышты.

Мелдештин акыркы күнүндө 3000 метр аралыкка чуркоодо Айнуска Калил кызы 9:27.18 жыйынтыгы менен коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Тегеран шаарында 17-февраль күнү башталган Азия чемпионаты 20-февралда жыйынтыкталат. Курама команда башкы машыктыруучу Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM