Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Үч күн катуу суук болот

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 268 | 0

Кыргызгидромет борбору аба ырайы кескин өзгөрүп, үч күн катуу суук болорун кабарлады.

Эртең, 16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, ушул эле күнү күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын бардык аймагында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында күн ачык болот.

17-18-февралда айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

Ушул эле күндөрү аба ырайы кескин сууктап,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°,

республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°,

республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°,

бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM