Биз менен байланышыңыз

Бишкекте аялдамадагы күркөдөн телевизор уурдалды

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 199 | 0

Бишкек шаарындагы заманбап форматта салынган аялдамадан мүлк уурдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чыңгыз Айтматов проспекти менен Иса Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги «Политех» аялдамасындагы күркөнүн эшигин сындырып, ичиндеги телевизорду уурдап кетишкен.

Учурда бул кылмышты укук коргоо органдары көзөмөлүнө алганы айтылды.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун мыйзам бузбоого, башкалардын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырык таштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM