Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште окуучулардын китептери боюнча маселе көтөрүлдү

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 147 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Нуржигит Кадырбеков Кыргызстанда басылып жаткан китептер боюнча маселе көтөрдү.

Балбак Түлөбаев сентябрь айы бат эле келерин, орто мектептерге окуу китептерин эмитен даярдоо керектигин айтып, былтыркы окуу жылында ушул маселе боюнча чуу чыкканын эске салды.

Нуржигит Кадырбеков чет жердеги мекендештер балдарына окуп берүү үчүн Кыргызстандан алып барган китептердин ички да, тышкы да сапаты начар болуп жатканына даттанышканын билдирди. Депутат китептердин тили татаал, жасалгасы көрксүз болгондуктан чет жердеги кыргыздардын балдары карабай жатышканын, өздөрү окуп берели дешсе, «зеригип кеттик, жөн эле койчу» дешерин айтып, ушул маселени ойлонуп көрүүгө чакырды.

Айта кетсек, 2022-2023-окуу жылынын башталышында мектептерде китеп жетишсиздиги боюнча чуу чыккан. Ата-энелер мектептерде китептер жок, базардан сатып алып жатышканын айтып, нааразы болушкан.

Бул көйгөй президенттик деңгээлге чейин жетип, мамлекет башчысы «тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбады» деген түшүндүрмө менен билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевди кызматынан бошоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM