Биз менен байланышыңыз

АКШ жаранынан акча талап кылууга шектелген милиция кызматкери кармалды (видео)

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 235 | 0

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШ жаранынан акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, 2023-жылдын декабрь айында АКШ жараны Н. Братчер С.З. жана П.М. аттуу адамдардын катышуусунда Ош облустук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы К.И.А.га арыз жазган. Анда М.Н.М. аттуу кыргыз жараны аны зордуктоого айыптап, коркутуп жатканы айтылган.

Милициянын бөлүм башчысы М.Н.М.га чара көрүүнүн ордуна аны менен келишип алып, АКШ жараны Н. Братчерди коркутуп, 2 млн сом талап кылган.

Чындыкты аныктоо үчүн Братчер Ош облустук ички башкармалыгынын жетекчисине кайрылган. Кайрылуунун негизинде милициянын ички иликтөө кызматы УКМК кызматкерлери менен биргеликте атайын операция уюштурган.

АКШ жаранынан талап кылган акчаны алуу үчүн милиция кызматкери К.И.А. айтылган М.Н.М. менен биргеликте келген. Шектүүлөрдү кылмыш үстүнөн кармоо учурунда К.И.А. унаасын айдап качып кетүүгө үлгүргөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кечээ, 13-февралда бөлүм башчы К.И.А. да кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM