Биз менен байланышыңыз

Президент мунапыс берүү боюнча мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 218 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамга кол койду.  Маалымат мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-январда кабыл алып берген.

Аталган мыйзамда айрымдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.

Бул мыйзам «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.

Белгилей кетсек, буга чейин мыйзамдын алкагында 600 адам абактан бошотулары айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM