Биз менен байланышыңыз

Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанга элчилик ачууга кызыкдар

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 136 | 0

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф ал-Сувайдий жана БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухайл аль-Мазруий менен жолугушуу өткөрдү.

Башкы директор менен сүйлөшүүсүндө ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу маселелери талкууланган.

Президент Садыр Жапаров БАЭнин мамлекет башчысы экөөнүн сүйлөшүүлөрүнүн аркасында түзүлгөн Биргелешкен холдинг компания каржылай турган долбоорлорду тез арада ишке киргизүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Министр менен болгон маегинде кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Садыр Жапаров буга чейинки келишимдерди жүзөгө ашыруу маселелерине токтолуп, Masdar компаниясы кура турган Күн электр станциясына өзгөчө маани берилерин айтып, Кыргызстан аталган долбоордун алкагында өз милдеттенмелерин өз убагында аткарарын баса белгилеген.

БАЭнин министри эки өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында түзүлгөн бир катар маанилүү документтер каралып жатканын, аларга БАЭ Президентинин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө кол коюлушу пландалганын айтып берген. Мындан тышкары жакын арада Бишкекте элчилик ачуу пландалып жатканын билдирген.

Энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль-Мазруий быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалаган.

Айта кетсек, Президент Садыр Жапаров баштаган өкүлдөр кечээ, 12-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына жөнөп кетишкен.

Кыргызстандын мамлекет башчысын «Ал-Мактум» эл аралык аэропортунан БАЭнин билим берүү министри Ахмад Балхул ал-Фаласий тосуп алган.

Айта кетсек, Президент Садыр Жапаровду БАЭнин Президенти шейх Мухаммад ибн Заид ал-Нахайян Дубайда өтө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM