Биз менен байланышыңыз

Каракол шаарындагы «Бугу», «Макиш» базарларынын кожоюну камалды

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 103 | 0

Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» базарларынын кожоюну камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ал шаар тургундарынан түшкөн арыздын негизинде алдамчылыкка шектелип кармалган.

Маалыматка караганда, базарлардын кожоюну Рыскулов узак жылдардан бери сатуучулардан акча чогултуп, бирок алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келген. Мындан тышкары бир соода орунун бир нече адамга сатып, үстүнөн пайда көргөнү аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, Рыскуловдун үй-жайына, базарларына тинтүү жүргөн.

УКМК кармалган адамдан жабыркагандар болсо, кайрылып коюуга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM