Биз менен байланышыңыз

Бишкекте экстремизм менен күрөшүүнү талкуулаган семинар өтүп жатат

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 113 | 0

Бишкекте экстремизм менен күрөшүү боюнча эки күндүк семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы демилгелеген семинар бүгүн, 12-февралда «Парк отель» мейманканасында башталды. Окутуу эртең, 13-февралда да уланат.

Семинарга ИИМдин тармактык бөлүмүнүн, Бишкек мэриясынын, борбордогу райондук администрациялардын кызматкерлери, өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жарандык уюмдардын өкүлдөрү, укуктук талдоочулар катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө экстремизмге жана терроризмге байланышкан маселелер боюнча баяндамалар жасалып, экстремизм менен күрөшүү чаралары, бул жааттагы мыйзамда каралган жоопкерчиликтер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары жасап жаткан иштер, экстремизм менен күрөшүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу талкууланды.

ИИМдин өкүлдөрү бул жааттагы статистикалык жана башка маалыматтар, мыйзамда каралган жоопкерчиликтер боюнча кеңири түшүндүрмө беришип, талдоочулардын, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM