Биз менен байланышыңыз

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 179 | 0

Министрлер кабинетинин токтому менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Жөлөк пулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулатылды.

Кошумча жөлөк пулдун бул түрүн алуучуларга, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт.

2002-жылдын 17-мартында Нарындагы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана ошол кездеги бийликтин бул кадамына каршы чыккан Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына нааразы болгон эл Аксыдан Бишкекке жөө жүрүш жасаган. Аларды токтотуу үчүн Боспиек айылынан күч түзүмдөрү тосуп чыгып, эки тараптын кагылышынан 6 адам каза таап, 70тен ашык адам ар кандай жараат алган.

Copyright © 2017 Maral FM