Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 315 | 0

Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңгакты экспорттоо боюнча келишимге 9-февралда Анкара шаарында өткөн 11-өкмөттөр аралык кыргыз-түрк соода-экономикалык жыйынынын алкагында кол коюлду.

Келишимге ылайык, жаңгактын биринчи партиясы Кыргызстандан Түркияга 15-февралдан тарта экспорттолот.

«Жолугушуунун негизги максаттарынын бири эки өлкөнүн ишкерлерине мүмкүнчүлүк түзүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана атамекендик товарларды тоскоолдуксуз экспорттоо», — деп айтылат маалыматта.

Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өткөн. Анда экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана башка багыттар боюнча кызматташуу маселелери талкууланган.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча эл аралык унаа жолдору боюнча макулдашууга жана экспорт тармагында меморандумга кол коюлган.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кийинки жыйыны келерки жылы Кыргызстанда өткөрүлө турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM