Биз менен байланышыңыз

Статком: Январь айындагы экономиканын өсүшү 7,4%ды түздү

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 85 | 0

2024-жылдын январь айындагы экономиканын өсүшү 7,4%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Берилген маалыматка караганда, январь айындагы ички дүң өнүм (ИДП) алдын ала баалоолор боюнча 73 млрд 200 млн сомго жетип, өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 7,4%га көп болгон.

Өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 37,6 миллиард сомго жеткен. Айрыкча курулушта 23,6%га, дүң жана чекене соодада 22,8%га, айыл чарбада 1,4%га көлөм көбөйгөн.

Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республика боюнча 0,2%ды түзгөн. Тамак-аштын, алкоголсуз суусундуктардын баасы 0,4%га, алгоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы 0,7%га көтөрүлгөн. Калган товарларга, тейлөө кызматтарына баалар мурункудай эле калган.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы бардык аймакта белгиленген. Баалардын максималдуу өсүшү (0,4%га) Баткен жана Талас облустарында катталган.

Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрында 15 млрд 700 млн долларды түзүп, 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 29,9%га көбөйгөн, мында экспорттук жөнөтүүлөр 46,8%га, ал эми импорттук келип түшүүлөр 26%га жеткен.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4 млрд 400 млн долларды түзүп, 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,7%га төмөндөгөн. Бул мезгилде өлкөнүн өз ара соодасынын эң көп үлүшү Орусияга (67,3%) жана Казакстанга (30,3%) туура келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM