Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атанын экс-мэри Көлбаевге жер тилке берүүгө шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 139 | 0

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри «Камчы Көлбаевге жер тилке бөлүп берген» деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК жүргүзүп жаткан чаралардын алкагында Чолпон-Атанын мурдагы мэри И.Б.Ш.нын 10 млн сомдук жер тилкесин маркум кримтөбөл Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) берип жибергени аныкталган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козголуп, экс-мэр соттун чечими менен бир айга камакка алынган. И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары табылган.

Айта кетсек, ушул эле иштин алкагында «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн кызматкери М.Т.Б. да кармалып, Каракол шаарындагы тергөө абагына киргизилген.

Айтылып жаткан Иманбеков Бердибек Шайлообековичти мэрлик кызматка 2021-жылдын 10-июнунда Чолпон-Ата шаардык кеңеши шайлаган. 2022-жылдын 9-августунда Ысык-Көл районунун ошол кездеги акими Калыбек Жумадыловдун буйругу менен кызматынан алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM