Биз менен байланышыңыз

Журналист Эрмек Аттокуровдун үй камагына чыкканы айтылды

Кыска кабар | 11 Фев 2024 | 341 | 0

Журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты жакындары кабарлаганын «Азаттык» сайты жазды.

Маалым болгондой, Свердлов райондук сотуна Эрмек Аттокуровду үй камагына алуу өтүнүчүн Чүй облустук милициясынын өзгөчө оор кылмыштар боюнча тергөөчүсү берген. Анын негизинде кечээ, 10-февралда бөгөт чарасы каралып, 28-февралга чейин Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун аймагынан чыкпоо талабы менен үй камагына чыгарылган.

Жакындарынын айтымында, Эрмек Аттокуров мамлекеттик адвокатка ишенип көрсөткөн эмес. Бирок жеке жактоочу алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, сот ишти ошол эле адвокаттын катышуусунда караган. Отурумда журналист өзүнө коюлган айыптарды толук четке каккан.

Айта кетсек, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 9-февралда журналист Эрмек Аттокуровдун кармалганы боюнча маалымат тараткан.

Журналист Эрмек Аттокуров камакка алынды (видео)

Copyright © 2017 Maral FM