Биз менен байланышыңыз

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатында күмүш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 11 Фев 2024 | 366 | 0

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатында күмүш медаль алды.

Бекдөөлөт Расулбеков түртүп көтөрүүдө 173 килограммды, жулкуп көтөрүүдө 213 килограммды, жалпысынан 386 килограммды багындырган.

Андан тышкары турнирде Эмил Молдодосов, Нурсултан Тармалов, Татьяна Мельниченко коло медалга ээ болушту.

Оор атлектика боюнча Азия чемпионаты Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 3-февралдан 10-февралга чейин өткөн.

Мелдешке Кыргызстандан 102 кг салмакта Бекдөөлөт Расулбеков, 96 кг салмакта Нурсултан Тармалов, 89 кг салмакта Эмил Молдодосов, 76 кг салмакта Татьяна Мельниченко, 73 салмакта Элзар Таиров, 67 кг салмакта Ишимбек Муратов барып катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM