Биз менен байланышыңыз

Террордук уюмдун материалын соцтармактардан таратууга шектүү кармалды

Кыска кабар | 11 Фев 2024 | 172 | 0

Ош облусунда социалдык тармактар аркылуу терроррдук уюмга таандык материалдарды таратып жүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда өздүгү белгисиз бир адамдын тыюу салынган террордук уюмдун материалдарын жайгаштырып жүргөнүн аныкташкан.

Топтолгон материалдар боюнча экспертиза жасалып, алар «материалдар «Өзбекстан Ислам кыймылы» уюмуна таандык» деген корутунду чыгарып беришкен.

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) менен иш козголуп, шектүүнү табуу чаралары башталган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган тургуну кармалган.

Шектүү камакка алынган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды издөө чаралары уланып жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM