Биз менен байланышыңыз

Педофилди жашырганга ырайым берген Венгриянын президенти кызматынан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2024 | 405 | 0

Венгриянын президенти Каталин Новак өлкөнүн М1 телеканалы аркылуу кайрылуу жасап, кызматынан кетип жатканын билдирди.

«Мен бүгүн мамлекет башчысы катары акыркы кайрылуумду жасап жатам. Анткени президенттик кызматымды тапшырып бергени турам», — деди Католин Новак.

Айта кетсек, Венгрияда мамлекеттик бакчалардын биринин директору жаш балдарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип кармалган. Директор менен кошо анын орун басарына да «жетекчисинин кылмыштуу жоруктарын жашырып келген» деген айып тагылып, 3 жыл 4 айга кесилген.

2023-жылдын апрель айында Рим папасынын Венгрияга иш сапарынын алдында Католин Новак 22 адамга ырайым берген жарлык чыгарган. Ырайымга илингендердин арасында айтылган орун басар да болуп, жаза мөөнөтү бүтөрдөн тогуз ай эрте абактан бошотулган.

Ал жарлыкты дээрлик бир жылга чукул убакыттан кийин интернет колдонуучу таап чыгып, коомчулукка ачыкка чыгарган. Бул венгерлердин нааразычылыгын пайда кылып, ошондон тарта президенттин оставкасын талап кыла башташкан.

Католин Новак элге кайрылуусунда өзүнүн туура эмес чечим кабыл алганын белгилеп, моралдык жоопкерчиликти сезип жатканын айтып өткөн.

Католин Новак Венгриянын президенти кызматына 2022-жылы шайланган. Өлкө тарыхында биринчи аял президент болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM