Биз менен байланышыңыз

Кара-Балтада кишинин жиликтенген сөөгү табылды

Кыска кабар | 10 Фев 2024 | 120 | 0

Кечээ, 9-февралда Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүнүн түндүк тарабындагы темир жолдогу гараждардын артында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Тергөө-ыкчам топ жерине барып, маркумдун денесинин бөлүктөрүн таап, буюм далилдерин алган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде маркумдун өздүгү такталып, ал 1977-жылы туулган Д.Э. аттуу Жайыл районунун тургуну экендиги аныкталган. Бул кылмышка шектүүнүн өздүгү да такталып, ал мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 1989-жылы туулган Жайыл районунун С.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, кармалды.

Шектүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Кылмыш ишинин алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө 2024-жылдын 2-январында 1977-жылы туулган Д.Э. жана 1989-жылы туулган С.А. аттуу жарандар чогуу спирт ичимдиктерин ичип, ортодо чыр чыгып, ал мушташка айланганы, Д.Э. денесинен алган жаракатынан улам каза болуп калгандыгы аныкталды.

Ал эми, 2024-жылдын 4-январында С.А. Д.Э.нин сөөгүн бөлүктөргө бөлүп, Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүнүн түндүгүндөгү темир жол тараптагы гараждардын артына ыргытып жиберген.

Д.Э. 2024-жылдын 4-январынан бери дайынсыз жоголгондуктан, Жайыл райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн.

Тергөө иштери улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM