Биз менен байланышыңыз

Баткенде өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясы ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 118 | 0

Баткенде өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясы ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Имараттын ачылышына министр Бакыт Төрөбаев, Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышкан.

Заманбап талаптарга жооп бере тургандай жабдылган лабораторияда аймактагы өсүмдүктөргө зыян берүүчү мите курттарды, отоо чөптөрдү, өсүмдүк илдетин алдын ала аныктоо, аларга каршы чараларды колдонуу иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле экспортко чыга турган айыл чарба өндүрүмдөрү изилденип, энтомологиялык, микологиялык, бактериологиялык, гематологиялык, гербологиялык экспертиза жасалат. 

Айта кетсек, Баткендин ишкер, дыйкандары экспортко чыгара турган айыл чарба өндүмдөрүн Ош шаарындагы лабораториядан өткөрүп келишкен. Мындан ары жеринен эле лабораториялык тастыктама алууга шарт түзүлдү. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM