Биз менен байланышыңыз

Ошто «дарыгерлерди сабады» делип кармалган адам үй камагына чыкты

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 200 | 0

Ош шаарында «дарыгерлерди сабаган» деген шек менен кармалган адам үй камагына чыкты.

Ош облустук сотунун «Азаттыкка» берген тастыктоосуна караганда, чечимди шаардык сот 6-февралда чыгарган.

Айта кетсек, социалдык тармактарга Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунда бир адамдын дарыгерлерди сабап жаткан видеосу тараган.

Ош шаардык милициясы окуя 31-январда саат 23:00 чамасында болгонун, бул боюнча дарыгерлер арыз жазганын, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренеси менен иш козголуп, шектүү Б.К. камакка алынганын 4-февралда кабарлаган.

Ошондой эле «милиция экен» деген айрым маалыматтарды төгүндөп, 2023-жылдын мартына чейин ички аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнүн билдиришкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү андан бир мурда агасын айтылган ооруканага жаткырган. Эртеси келип, тууганын мас абалда көргөн. «Силерге ишенип алып келсем, эмнеге ичирип койдуңар?» деп ачууланып, дарыгерлер менен чатакташа кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM