JIA бизнес ассоциациясы «Enactus Кыргызстан» менен кызматташуу келишимине кол коюшканын кабарлады.
Келишимде жаштарды айыл чарба багытына тартуу, жашыл көндүмдөргө, санариптик технологияларга басым жасоо менен жаштардын агростартаптарын өнүктүрүү маселелери каралган.
Ошондой эле кызматташтыктын алкагында Баткен облусундагы жаш ишкерлер үчүн агрохаб аянтча ачылат.
Айта кетсек, Европа Биримдиги колдоого алган «Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн» долбоорун «Enactus Кыргызстан» ишке ашырып келет.
Султан
10.02.2024 22:08
Баткен району самаркандек аиыл пас карык аилга вулканзаса куру колдог муктажбз элге керек сто кере шаимандар болсо жакшы болот мени .сапарбай уулу султан