Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы 13 миңден ашуун адам үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 150 | 0

2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 104 адамды түзүп, 32% га жеткен. Алардын 95%ы аялдар болгон. Бул маалымат Ички иштер министрлигинен алынганын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева улуттук форумдагы сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү.

Алыбаева аны менен катар министрлик 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигине жетишүү боюнча мамлекеттик программа жазылып жатканын, «Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды колдоо боюнча мамлекеттик борбор ачуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдаган.

 «Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча 18 кризистик борбор иштейт. Министрлик жыл сайын аларга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында колдоо көрсөтүп келет. Эгерде 2019-2023-жылдар аралыгында борборлорду каржылоо көлөмү 5 млн 400 миң сомдон 7 млн сомго чейин көбөйтүлгөн болсо, үстүбүздөгү жылы каржылоо көлөмү 7 млн сомдон 12 млн сомго чейин көбөйтүлгөн», — деген ал.

Айта кетсек, бүгүн, 9-февралда «Гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо» улуттук форуму өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM