Биз менен байланышыңыз

Таксисттерди коркутуп, акча талап кылууга шектүүлөр кармалды (видео)

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 294 | 0

Ноокатта таксисттерден опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-январында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 1983-жылы туулган С.А. арыз жазган. Арызда С. жана Ж. аттуу адамдар «Ноокат – Бишкек» багытына каттаган айдоочулардан атайын жайга коюп, жүргүнчү ташыганы үчүн акча талап кылып жатканы жазылган.

Арыз каттоого алынып, текшерүү  башталган. Жарандын кайрылуусунда жазылгандар аныкталып, топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен иш ачылган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ноокат районунун 1962-жылы туулган тургуну О. Ж. атайын белги коюлган 20 миң сомду алып жаткан жеринен колго түшкөн. Көп өтпөй анын шериги катары саналган, Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну А. уулу А. да кармалган.

Учурда шектүүлөрдүн уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар же жогу иликтенип, бул ишке катышы бар шериктерин аныктоо чаралары көрүлүп жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM