Биз менен байланышыңыз

Улуу Британияда иштөө үчүн жети саатта 26 миңден ашуун адам арыз берген

Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 691 | 0

Улуу Британияда мезгилдик жумушта иштеп келүү үчүн 26 миң 170 адам арыз берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Чет мамлекеттеги айыл чарба иштерине барууну каалагандарды каттоо Hops Labor Ltd оператору аркылуу онлайн жүргүзүлгөн.

Жети сааттык каттоодо 26 миң 170 адам арыз берген, оператор алардын ичинен 14 миң 735 адамды тандоонун биринчи этабынан өткөргөн.

Тандоонун экинчи этабы бүгүн, 9-февралда саат 11:00дөн тарта башталды. Анда биринчи этапта тандалгандар Hops Labor Ltd оператору аркылуу онлайн тестирлөөдөн өтүшөт.

Кыргызстандагы Жарандарды ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиядагы AGRI HR компаниясы «Кыргызстандыктарга Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарында иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө» макулдашууга 2022-жылдын март айында кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM