Биз менен байланышыңыз

«ЖМК жөнүндө» мыйзам эмне үчүн керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2024 | 1105 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов «ЖМК жөнүндө» мыйзам эмне үчүн керек экенин «Маралдын» эфиринде айтып берди.

Мыйзамга алып салуу жана толуктоолор киргизилет

Биринчи окууда концептуалдык негизде мыйзамды кабыл алуу керек. Экинчи окууда бул мыйзамдын уланышы депутаттардын колунда болот. Берилген сунуш, сын-пикирлердин негизинде айрым беренелерди алып салуу же толуктоо ошол жерде кабыл алынат.

Бул мыйзам долбоору эмне үчүн керек?

Биринчиден, мамлекеттин маалымат коопсуздугу. Экинчиден, жалпы медиадагы түшүнбөстүктөрдү иретке келтирүү. Мындай көйгөй 1990-жылдардан бери келе жатат. Ошол кезде кыргыз журналистикасы кыргыз тилдүү жана орус тилдүү болуп экиге бөлүнүп кеткен. Ошол эле маалда кыргыз тилдүү журналисттер гезитке туура эмес, саясатташкан, бири-биринин аброюна шек келтирген маалыматтарды жарыялап келишкен. 2010-жылдардан кийин гана өзүнүн ордуна келе баштады. Мурда орус тилдүү маалыматтар берилип келсе, акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз тилдүү басылмалар аралашып келе жатат.

Блогерлерге кандай чаралар көрүлөт?

Блогерлер, Ютуб-каналдар боюнча эч кандай маселе болбойт. Ушул эле мыйзамдын же жакындан мониторинг жүргүзүүнүн негизинде алар менен иш алып барабыз. Негизинен блогерлер коомго пайдалуу нерселерди тартуулаган адамдар болуп эсептелет. Тилеке каршы, айрым блогерлер коомду агартуу жаатында иштерди алып барбай, саясатка же бирөөнүн үйүнө кирип эле «эшигиңизди ачыңыз», «кандай жашап жатасыз?» деп эле жеке менчикке кирип кетип жатат. Мыйзам боюнча ал жерде жеке менчикке тийбөө каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM