Биз менен байланышыңыз

Бөйрөккө акысыз жасалуучу операция гемодиализ көйгөйүн толук чече алабы?

Ден соолук , Коом | 6 Фев 2024 | 571 | 0

Гемодиализде жаткан бардык жарандардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп берерин президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди. Ал учурда 50 бейтап донор тапканын, алар толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталганын белгиледи. Буга чейин бир бейтапка акысыз операция жасалды.

Президент Садыр Жапаров мындан ары бөйрөк алмаштыруу операциялары акысыз жасаларын, ага кеткен 7-8 миң долларды мамлекет төлөп берерин билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 2500дөн ашуун гемодиализ алып жаткан жаран бар. Булардын ичинен 50 бейтап донор тапкан.

Өлкө башчы бейтап донорду өзү табарын, жакында донор боло алчулардын тизмесин кеңейтүүгө жол берген мыйзамга кол койгонун белгиледи.

Жапаров анын шарттары, каражат маселеси кандай чечилери тууралуу түшүндүрдү.

«Эмне үчүн?» деген суроо туулат. Биз муну менен эки пайда алып келебиз. Кантип? Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек, 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат. Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгымдар дароо токтойт. Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымдарын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса, өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт да. Ошондо биринчи пайдабыз жарандарыбызга жардам берип, бөйрөктөрүн алмаштырып берип жатабыз. Экинчи пайдасы мамлекеттин акчасын үнөмдөп калабыз. 10-15 жылдап гемодиализде жаткандар бар. Элестетиңиздер, канча каражат үнөмдөлүп калат. Гемодиализде жаткандар азаят».

Өткөн жылы Президенттик фондунун эсебинен жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен 10 даана гемодиализ аппараты жалпы суммасы 16 млн 552 миң 250 сомго алынган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлү Айнур Мамашова бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2 миң 256 бейтап гемодиализ аларын билдирди.

Ал учурда 2 мамлекеттик жана 35 жеке менчик гемодиализ борбору иш алып барарын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 35 жеке медициналык борбор иштейт. Ошондой эле 2 мамлекеттик оорукана бар. Ал милдеттүү камсыздандыруу фондунун каражаты менен каржыланат. Бюджеттик программалык гемодиализди 2652 бейтап алат. Бекер алышат. Өкмөт аркылуу ар бир сеанска 5600 сомдон төлөнөт. Жыл сайын ар бир бейтапка гемодиализдин кызматы үчүн 1 миллион сомго жакын акча бөлүнөт. Ушул эле бейтап бөйрөк бере турган донор тапса, 7,5-8 миң доллар кетет. Ашып кетсе, 800 миң сом коройт».

2019-жылы «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, гемодиализге жеңилдетилген кызмат көрсөткөн уюмдар салыктан бошотулган.

Медицина маселелери боюнча адис Бермет Барктабасова гемодиализде жаткандардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп бергени жакшы жаңылык экенин, бирок эске алчу жагдайлар көп экенин айтат.

«Албетте, бир четинен бул жакшы жаңылыктай угулат. Бейтаптар сакайып, жашап кеткиси келет. Азыркы күндө өлкөдө 2700дөй гемодиализ алган бейтап бар. Бирок бул сан токтоп калбайт. Ооругандар көбөйө берет. Ошону да эске алуу керек. Өкмөт акчаны эсептеп чыккан жок. Так канча каражат бөлүнөрү белгисиз. Сөз менен гана айтылып жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө бөйрөк алмаштыруу операциясы жолго салынган. Бизде жаңыдан гана жасалып келе жатат. Өкмөт бейтаптардын бөйрөгүн алмаштыруудан мурун донор болгон адамдардын да ден соолугуна кепилдик бериши керек. Себеби бир бөйрөгүн берген адам да оорулуу адамдардын катарын толуктап калат. Алар да өмүрүнүн аягына чейин бир бөйрөк менен жашап, кымбат анализдерди тапшырып, өтө кымбат дарыларды алышы керек. Мындайча айтканда, учурда 2700дөй бейтап болсо, алардын саны эки эсе өсөт. Мындан сырткары бул коммерциялык бизнеске айланып кетиши мүмкүн. Адамдардын органдарын саткандардын көбөйүүсүнө алып келиши да ыктымал. Мамлекет муну мыйзамдаштырышы зарыл. Мамлекет бейтаптын да, донордун да ден соолугуна, мындан кийинки жашоосуна кепилдик бериши керек».

Быйыл 1-февралда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операциянын алгачкысы жасалган.

22 жаштагы кыздын бөйрөгүн алмаштыруу операциясын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана эки хирург, бир анестезиолог, эки анестезист, эки медайым жасаган. Кызга өзүнүн атасы донор болгон.

Алгач донордун бөйрөгүн алууга эки саат, кайра аны бейтапка салууга эки саат убакыт кеткен. Учурда экөөнүн тең акыбалы жакшы экени айтылды.

Бейтаптар эки-үч күн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин карамагында болушат, андан кийин палатага которулушат.

Министрлер кабинети 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу операциясын жасоо үчүн бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM