Биз менен байланышыңыз

ЖАМКнын тергөө бөлүмү Арстан Алайдын өлүмү боюнча иш козгоодон баш тартты

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 622 | 1

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү «Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмүндө кылмыш белгилери аныкталган эмес» деген негизде иш козгоодон баш тартты. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Тергөө бөлүмү бул чечимди 2-февралда кабыл алган. Жактоочу Арстанбек Абдылдаевдин үй-бүлөсү маркумдун өлүмү боюнча ишти сотко өткөрүүнү талап кылып жатышканын, мындай чара каза тапкан адамды актоо үчүн зарыл болорун, ал мыйзамга туура келерин жазган.

Айта кетсек, «Арстан Алай» каймана ысымдуу ишкер Арстанбек Абдылдаев 2023-жылы 15-декабрда «диний кастыкты козутту» деген шек менен камакка алынган.

Анын №31 дарылоо мекемесинен каза тапканы тууралуу маалымат ушул жылдын 5-январында тараган. Бул боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы расмий билдирүү жасап, маркумдун ашканада асынып алганын кабарлаган.

Бул өлүм боюнча Башкы прокуратура атайын комиссия түзүп, алардын корутундусунун негизинде ЖАМКнын айрым кызматкерлерине «шалаакылык» беренеси менен иш козгоп, тергөө жүргүзүүнү Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. 

1 пикир

1 пикир

  1. ШООРУКОВ ТОКТОМУШ.

    06.02.2024 16:59

    БУЛ БИЙЛИК МАМЛЕКЕТТИ ТАЛКАЛАП БҮТТҮ БУЛАР КЕТМЕЙИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТАЛКАЛАНГАНЫ ТАЛКАЛАНГАН.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM