Биз менен байланышыңыз

Президент патент менен иштөө мөөнөтүн узарткан мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 199 | 0

Президент Садыр Жапаров «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Документ салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна эсеп-фактураны алмаштыруучу документ киргизилди. Ошондой эле «айыл чарба даярдоочу» деген түшүнүк киргизилет жана алардын салык ставкасы белгиленген.

Патент менен иштөө системасы 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды.

Былтыр 5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарында нааразылыкка чыккан соодагерлер менен жолугушуп, базарларда патент менен иштөө системасын 2024-жылдын 1-июлуна чейин калтырууну тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM