Connect with us

«Бизди кабыл алыңыз». Алиянын жакындары бийликке кайрылды

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 240 | 1

Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде чарчап калган 3 жаштагы наристенин жакындары 2-февралда өкмөт үйүнүн алдына барышты.

Алар президент жана УКМК башчысын өздөрүн кабыл алуусун талап кылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Бишкек шаардык соту 31-январдагы чечими менен наристенин өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиологду үй камагына чыгарды. Шаардык соттун маалыматына караганда, соттук коллегия шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алган.

2023-жылдын 18- декабрында Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган.

Сүрөт: Зымырат Эркинбекова

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM