Биз менен байланышыңыз

Расмий билдирүү: ЖЭБдеги жарылууда 3 адам жабыркады

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 673 | 0

Бишкек шаардык ЖЭБинде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги расмий билдирүү таратты.

2024-жылдын 2-февралында түнкү 03:00 чамасында Бишкек шаарындагы ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканага жеткирилген. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

Бирок шаардын жылуулук режимин сактоо максатында ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM