Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 2-февралда кар жаайт

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 242 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM