Кыргызгидромет билдиргендей, 2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,
Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 болушу күтүлөт.