Биз менен байланышыңыз

Бишкекте маршрутканын ордуна дагы эки автобус каттамы ачылды

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 330 | 0

Бишкек шаарында 1-февралдан тарта №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирди. Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген.

Автобустарды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№145 автобус  Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.

№169 автобус Ак-Ордо конушунан «Шоро» компаниясына чейин жүрөт. Анын узундугу 47 чакырым, автобустардын кыймыл интервалы 12 мүнөттү түзөт. Каттамга 14 автобус чыгат.

Бишкек мэриясы бара-бара бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырыларын билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM