Бишкек шаарында 1-февралдан тарта №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирди. Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген.
Автобустарды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.
№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.
№169 автобус Ак-Ордо конушунан «Шоро» компаниясына чейин жүрөт. Анын узундугу 47 чакырым, автобустардын кыймыл интервалы 12 мүнөттү түзөт. Каттамга 14 автобус чыгат.
Бишкек мэриясы бара-бара бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырыларын билдирет.