Connect with us

Кара-Сууда бирөөнүн 9 миң долларын алдап алып кетүүгө шектүү кармалды

Кыска кабар | 31 Янв 2024 | 230 | 0

Кара-Суу районунда бир адамдын ири суммадагы акчасын алып кетүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу райондук милициясына Шарк айылынын 1963-жылы туулган тургуну арыз жазган. Андан белгилүү болгондой, өткөн жылдын 24-декабрында өзүн «Султан» деп тааныштырган бир адам «Кореядан алып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп берем» деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, ошол бойдон из жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш ачылып, шектүү издөөгө алынган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, 1990-жылы туулган И. И. кармалып, камакка алынган.

Учурда анын мындан башка да кылмыш иштерине катышы бар-жогу иликтенип, тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM