Биз менен байланышыңыз

«Айыл банк» жыл башынан бери 41 айыл чарба техникасын лизингге берди

Кыска кабар | 31 Янв 2024 | 300 | 0

Ушул жылдын 8-январынан 30-январына чейинки аралыкта 41 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Комбайн, трактор, сеялка жана башка ушул сыяктуу айыл чарба техникалары жалпысынан 593 млн сомго бааланган.

Лизинг мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин белгиленип, 6-9% үстөк менен берилүүдө.

2011-жылы Айыл чарба министрлигинин демилгеси менен дыйкандарды колдоо максатында «Айыл банк» техникаларды лизингге берүү боюнча 7 долбоор иштеп чыккан. Андан бери банк 13 млрд 700 млн сомго 6 миң 617 техниканы лизингге берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM