Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети баңгизат менен күрөшүүнү демилгелеген токтом долбоорун колдоду

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 167 | 0

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «Жаштар арасында баӊги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чаралары жөнүндө» токтом долбоорун карады.

Токтом долбоор боюнча баяндама жасаган депутат Медер Алиев акыркы учурларда өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды, психотроптук заттарды колдонуу күчөп баратканын эскертти. Ал мындай заттар дарыканаларда, интернет булактары аркылуу ачык, эркин сатылып жатканын айтып, статистикалык маалыматтарды, видеоматериалдарды көрсөттү.

Ошондой эле мыйзам долбоордун негизги максатына токтолуп, «Өспүрүмдөргө дарыканаларда сатылып жаткан психотроптук каражаттар, дары-дармектер дарыгерлердин уруксат кагазы менен гана сатылуусу керек. Дарыкана наркоманиясын токтотуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги, интернетте ачык сатылып жаткандарга бөгөт коюу багытында Ички иштер жана Санариптик өнүктүрүү министрликтери иш алып баруусу зарыл»,- деди.

Талкуу маалында Сүйүнбек Өмүрзаков бул маселеде жеке менчик дарыканалардын кожоюндары да жоопко тартылышы керек экенин айтты.

Жыйынтыгында комитет айрым сунуш-пикирлерди эске алуу менен долбоорду колдоп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM