Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери камакка алынды

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 268 | 0

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин адистери камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголгон.

Маалыматка караганда, мекеменин кызматкерлери бажы төлөмдөрүнөн качууну көздөгөн айрым адамдарга көмөктөшүп келишкен.

Тактап айтканда, жеке адамдар «тетик катары» деген шылтоо менен чет өлкөлөрдөн унааларды алып өтүп турушкан. Бул алардын бажы алымын аз төлөөсүнө жардам берген. Мындай жол менен алып келинген унааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтер болгон эмес.

«Буга карабастан, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын адистери материалдык пайда табуу максатында акыркы бир нече жылдан бери Корея Республикасынан автотранспорт ташыган жеке адамдар менен «тил табышып», баштапкы документтери жок 600дөн ашык автоунааны өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул ишке шектүү катары мекеменин төрт адиси А.А. А., Т. М. М., С. Л. А., У. Б. М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул ишке катышы бар башка адамдарды да аныктоо чаралары көрүлүп жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM